Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Бүгүн Каракол шаарында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жана облус жетекчилигинин катышуусунда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна караштуу тегирмендин ачылышы өттү

Ведостводон маалыдашкандай, аталган фондго караштуу тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзүп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1- 2-сорттогу унга муктаждыгын, ал эми Түндүк – Түштүк альтернативдик жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын да камсыздай алат.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн азык-түлүк буудай
данын кабыл алууну жүзөгө ашырып, мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөөдө.
Келечекте бул тегирмендин аймагына кампаларды куруу каралууда жана азык-түлүк буудай данын жана социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүндүк болору күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан ун тартуучу комбинат жана аянты 5 105 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкаруусуна кабыл алган.

2 Декабрь 2024 жыл 17:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча