
Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин таксист коомдук транспорттун айдоочусу менен айтышып, аны сөгүп жаткан видео тараган. Айдоочулардын ортосундагы жаңжал борбордогу Түштүк магистралда таксист автобустун жолун жаап койгондугу үчүн чыккан.
Коопсуздук кызматкерлери такси кызматында иштеген адамды аныктап, тергөө кызматына жеткиришти. Ал 42 жаштагы Ч.К. экени белгилүү болду. Ага карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча иш козголду.
Милициянын айтымында, соттун чечими чыкканга чейин такси кызматында иштеген айдоочу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта болот.