
Социалдык тармактарда автобустун ичинен тартылган видео тарады. Кадрларда эркек киши мектеп окуучусуна аркасынан жабышып турганы көрүнөт. Маалыматка караганда, окуя бир топ убакыт мурда болгон.
Мектеп окуучулары үйүнө кайтып келе жатып, коомдук транспортто ыдык көрсөтүүгө туш болушкан. Белгисиз эркек киши кыздарга аркасынан жабышып, алардын моюнун жыттаган.
Үйүнө барган соң, өспүрүмдөр окуя тууралуу ата-энелерине айтып беришкен. Кыздардын атасы автобустагы байкоо камераларынан видеону алып, милицияга арыз менен кайрылган. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыга электигин айтышкан.