Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Аскер кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

КР УКМК мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 24-февралында КР Аскер прокуратурасынын органдары менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө («Коррупция») каралган кылмыштын белгилери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунда коррупциялык схемаларды уюштурууга шектелген Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын бир катар аскер кызматчыларын кармады.

Кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын айрым аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда негизсиз артыкчылыктарды бергендиги, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы, кызматка жараксыз деп мыйзамсыз таанылгандыгы, ошондой эле мобилизациялык резервге даярдоодон өтө турган адамдардын тизмесине мыйзамсыз киргизүү үчүн, жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар, анын ичинде бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

25 Февраль 2025 жыл 12:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча