Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Asia Mall» соода борборунда жарылуучу зат бар деп алдаган шектүү кармалды

Телефондук терроризмге шектүү кармалды, деп билдирди 20-февралда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

19-февралда саат 20:00 чамасында милицияга белгисиз адамдан телефон чалуу болгон. Ал «Asia Mall» соода борборунун имаратына жарылуучу зат коюлганын билдирген. Текшерүүдөн кийин бул маалымат жалган болуп чыкты.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана УКМКнын борбордук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган А.И. бул ишке шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөгө жүрүп жатат.

20 Февраль 2025 жыл 11:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча