Рамазан айынын урматына «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунда 400дөн ашык адамга ооз ачуу уюштуруп, иш-чарага айыл аксакалдары, ардагерлер, көп балалуу энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жетекчилер жана кызматкерлер катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү калкка сый-урмат көрсөтүп, жакшылыкты бөлүшүү.
Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, жергиликтүү калктын ыраазычылыгына ээ болууда.
Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусундагы «Жерүй» кенин иштетип, аймактын социалдык өнүгүүсүнө активдүү салым кошуп келет.




