
«Жерүй» Талас алтын кен комбинаты (ТАКК) долбоорун ишке ашырып жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2025-жылдын январь айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бул мезгилде компания Кыргыз Республикасынын бюджетине 1 млрд 10 млн сом суммасында салык төлөмдөрүн которду. Өндүрүлгөн продукцияны сатуу боюнча түшкөн кирешеден 782,8 млн сом салык төлөндү. Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча милдеттенмелердин алкагында Талас облусунун, Талас районунун жана Шумкар-Уя айылдык аймагынын өнүктүрүү фонддоруна 58 млн сом бөлүндү.
Белгилей кетсек, 2015-жылдан 2025-жылдын январь айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы жалпы 25 млрд 347 млн сом салык төлөгөн. 2021-жылдан 2025-жылдын январь айына чейинки мезгилде кирешеден алынган салык 18 млрд 865 млн сомду түзгөн.
«Жерүй» ТАКК ишканасында 803 вахталык кызматкер иштейт, алардын 72%ы Талас облусунун тургундары. Кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 249 адам Шумкар-Уя айылдык аймагынын жашоочулары.
Компания экологиялык милдеттенмелерин аткарууну улантууда. 2025-жылдын январь айында рекультивация фондуна 1 млн 826 миң сом бөлүнгөн (долбоор ишке ашырыла баштагандан бери бул максатка 64 млн 480 миң сом жумшалган). Жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 2 млн 372 миң сом төлөндү (долбоор башталгандан бери — 118 млн 804 миң сом).
Компанияда экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө. Буга тазалоочу курулмаларды, суу агын системаларын жана таштандыларды көзөмөлдөө механизмдерин мониторинг кылуу кирет. Калдыктарды көзөмөлдөөнүн алкагында көзөмөл жүргүзүүчү скважиналарда суу жоктугу аныкталды. Вахталык лагердин аймагында жапайы жаныбарлар байкалган учурлар көп болгондуктан кызматкерлер үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча окуулар өткөрүлдү.
2025-жылдын 24-январында компания Шумкар-Уя айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин 21 депутаты үчүн тааныштыруу экскурсиясын уюштурду. Иш сапар учурунда алар өндүрүш процесси, калдык сактоочу жайдын курулушунун жүрүшү жана вахта кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышты.
«Альянс Алтын» компаниясы «Жерүй» ТАКК долбоорун өнүктүрүүнү улантып, салыктык төлөмдөрдү, жумуш орундарын жана экологиялык милдеттенмелерди камсыздоодо.