Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

“Альянс Алтын” Көк-Ой айылындагы спорт залына жардам берди

Үстүбүздөгү жылдын башында Талас районунун Көк-Ой айылында заманбап күрөш зал ишке кирген. Анда машыгууга жана күрөш спорттун өздөштүрүүгө баардык шарттар тузүлүүдө. Аталган айылдын жаштарынын демилгеси менен курулган спорт залдын айрым жетишсиздиктерине “Альянс Алтын” компаниясынын жардам кылганын спорт залдын машыктыруучулары билдиришти.
Спорт залдын машыктыруучу Адилбек Рахмановдун айтуусу боюнча зарыл учурда компания көмөк көрсөткөн. “Биз спорт залыбызды айыл жаштарынын демилгеси жана колдоосу менен куруп алганбыз. Эми анын ичинде айрым жетишсиздиктер болгон. Мисалы көрүүчүлөрдүн отургучтары, жылыткычтар, резина төшөлмөлөр сыяктуу. Ушулардын жетишсиздигинен улам биз “Альянс Алтын” компаниясына кайрылганбыз жана компания бизге 541 сомго жогорудагы жабдыктарды алып берди. Айыл жаштарынын, спорт сүйүүчүлөрүнүн атынан компанияга ыраазычылык билдиребиз! Буйруса биздин залдан дагы Жоламан, Узур, Айперилер чыгат деп ишенебиз”, — деди Рахманов.
“Альянс Алтын” компаниясы Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетет жана КРнын ири салык төлөөчү ишканаларынын алдыңкы катарында турат.

31 Январь 2025 жыл 11:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча