Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Альянс Алтын» 2024-жылы: 9,3 млрд сом салык жана Кыргызстан экономикасына туруктуу салым

2024-жылы «Альянс Алтын» ЖЧКсы өлкө бюджетине 9,3 млрд сом салык төктү, анын ичинде декабрь айында 883 млн сом которду. Долбоор ишке киргизилген 2015-жылдан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24,3 млрд сомдон ашты. 2024-жылы алтын сатуу боюнча алынган кирешеден түшкөн салык 7,5 млрд сомду түздү (2021-жылдын апрелинен бери мындай төлөмдөрдүн жалпы суммасы 18 млрд сомго жетти).

Бул мезгилде Талас алтын кени комбинатында 1,33 млн тонна кен кайра иштетилип, андан 4 514,7 кг алтын жана 504,0 кг күмүш өндүрүлдү. Алтынды үзгүлтүксүз бөлүп алуу деңгээли 91,4% түздү. Жалпысынан, 2021-жылдан бери компания 4,67 млн тонна кенди кайра иштетип, 16 тоннадан ашык баалуу металл өндүрдү.

2024-жылдын негизги иш багыттары инфраструктураны модернизациялоо жана жаңы технологияларды киргизүү болду. Өндүрүштүн узак мөөнөттүү коопсуз иштешин камсыздоо максатында калдыктарды сактоо жайынын экинчи баскычы курулуп бүткөрүлдү. Ошондой эле Жерүй кенинде жер алдынан казуу иштерине даярдык көрүү башталды, бул алтын өндүрүшүн кеңейтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Компания экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруп келет. Жыл ичинде суу, аба жана топурактын абалын мониторинг кылуу менен бирге экологияга тийгизилген таасирди азайтуу жана аймактагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо боюнча бир катар демилгелер ишке ашырылды.

«Альянс Алтын» ошондой эле жергиликтүү аймактарды өнүктүрүүгө жана калкты колдоого инвестиция салууну улантууда. Аймактарды өнүктүрүү программалары башталгандан бери компания жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга 1,7 млрд сом багыттады. Анын ичинен:

● 843 млн сом Талас облусун өнүктүрүү фондунун эсебине түшкөн;
● 506 млн сом Талас районун өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн;
● 337 млн сом Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна берилген.

Бул каражаттар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түздү.

Компания аймакта иш менен камсыз кылуу боюнча да активдүү иш алып барууда. 2024-жылдын аягына карата Жерүй кенинде жалданма уюмдарды эске алуу менен 1 500дөн ашуун жумушчу иштейт. Алардын 797си — «Альянс Алтын» ЖЧКнын кызматкерлери. 797 кызматкердин 568и – Талас облусунун жашоочулары, анын ичинде 247 кызматкер Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн. Түзүлгөн жумуш орундары жергиликтүү тургундардын жашоо деңгээлине жана аймактын экономикасына олуттуу салым кошууда.

25 Февраль 2025 жыл 17:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча