
Кечээ 25-февралда Акжол Махмудов Казакстандын Алматы шаарындагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде жеңүүчү болду.
Махмудов 77 кг салмакта күрөштү. Анын атаандашы франциялык Ибрагим Ганем болду.
Акжол Махмудов франциялык балбанды 6:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, Махмудов PWL мелдешинде экинчи жеңишине жетип жатат. Буга чейин ал 2023-жылы апрелде россиялык балбан Роман Власов менен күрөшүп, жеңүүчү болгон.