
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги мамлекеттик кызматкерлерди мультипсихометрдик жана компьютердик тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Бүгүн, 17-февралдагы тестирлөөгө акимдер жана облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлери катышты.
«Мамлекеттик кызматтын потенциалын жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сабаттуу, кесипкөй адамдарды тартуу маанилүү. Мультипсихометрдик тестирлөө адамдардын психологиялык жана психофизиологиялык сапаттарын, ошондой эле алардын кесипкөй дараметин баалоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тестирлөөдө адамдык фактор минималдуу болуп, жасалма интеллекттин жардамы менен психологиялык портрет түзүлөт», — деп билдирди агенттик.
Бул тестирлөө мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилик кызматка ылайыктуулугун, жамааттагы психологиялык туруктуулукту жана конфликттүүлүктү аныктоого, ошондой эле депрессиянын белгилерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.