Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Адам уурдап, ири суммадагы акча талап кылган жарандар кармалды

УКМК Ош ШИИБи менен биргеликте адам урдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандарды кармады.

Ушул жылдын 16-январында Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп автомашинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У. аттуу жаранды урдап кеткендер: 1990-жылы туулган К.У.Т., 1991-жылы туулган К.У.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экени аныкталды. Алар жаранды К.Д.У. Ош облусунун Өзгөн районунда караңгы жайга алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер урдалган жаранды мобилдик капчыгына 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер аныкталып, кармалган жана К.У.Т. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

17 Февраль 2025 жыл 16:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча