
«Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков дээрлик 100 күндөн бери кармап жаткан ачкачылык акциясын убактылуу токтотту. Мындай маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катында ал магниттик-резонанстык томографиядан өткөндөн кийин бир катар оорулар аныкталганын жана аны дарылоо керектигин, ачкачылыгын токтотууга 1-марттан тарта Орозо кармай турганы да себеп болгонун айткан.
Орозо бүткөндөн кийин ачкачылыгын уланта турганын билдирген.
«Тилекке каршы бизде башка жол жок», — деп жазган.
26 жаштагы Темирлан Султанбеков 13-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган күндөн тартып, нааразылык катары саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары анын саламаттыгы начарлап бара жатканын айтышып, бийлик башындагылардан аны бошотууну суранышкан.
8-февралда Свердлов райондук сотуна бөгөт чарасын узартуу каралып жаткан чакта Султанбеков өзүн жоготуп жыгылганы кабарланган.
Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.
«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда «добуш сатып алуу» беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Алар өздөрү мунун артында «саясий максат» турганын айтып, айыптоолорду четке кагып келишет