Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды

8 / 100

Анда ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталарын белгиледи.

“Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат. Мамлекет башчысы Зардалыга үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында барып, айыл тургундарынан кабар алган. Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген”, — деп кошумчалады Аскат Алагөзов.

17 Октябрь 2024 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча