Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандык 2 балбан медаль утушту.
Тактап айтканда Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынса, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков коло медалга ээ болду.
Алар Кыргызстанга келгенде мамлекет тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланышат. Башкача айтканда Жуманазаровага 7млн сом, Шаршенбековго 5млн сом ыйгарылат.
Ал эми олимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10млн сом берилет.