Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Джумабеков боордош казак элине жардам көрсөтүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.
«Боордош казак эли табигый кырсыктан аман-эсен чыгып, кайрадан өз калыбына келишет деп ойлойм. Орозо айында бир тууган элибизге жакшылык болсун деп тилейм. Ушундай кыйын, оор күндө колдоо көрсөтсөк дейт элем. Акылбек Үсөнбекович, кандай жардам көрсөтүлүп жатса элге айта кетсеңиз»,- деди эл өкүлү.