Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Джумабеков Талас облусуна караштуу Манас районундагы Кеңеш айылына, жана Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылына бала-бакча салып берүү боюнча кайрылуу натыйжасыз калганын билдирди.
Эл өкүлү бул маселе боюнча кат жөнөткөнүн айтты.
Ошондой эле , Айтматов Манас, жана Бакай-Ата райондорун “Таза-Суу” менен камсыз кылуу максатында 2024-2025 жылга титулдук тизмеге киргизип, долбоорду көзөмөлго алууну сунуш кылды.