Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Асаналиевди бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштап, макулдук алуу үчүн парламентке киргизген.

Максат Асаналиев 2022-жылдан бери Ош облусунун прокурору кызматын аркалап келген. Ал 46 жашта. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган.

Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

5 Июнь 2024 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча