Жети-Өгүз РИИБдин ЖККБ кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо боюнча күнүмдүк иш-чаралардын жүрүшүндө Кызыл-Суу айылында жоголуп кеткен өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери үч жашар кыз жалгыз, чоңдордун көзөмөлү жок жүргөн жеринен көрүп калышкан. Кичинекей кыз  ата-эненсинен адашып кеткен.  Кызматкерлердин ыкчам-издөө иш  аракетинин натыйжасында, өспүрүмдүн апасы табылган, ал Кызыл-Суу айылынын 2000-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Кыз энесине өткөрүлүп берилип, милиция кызматкерлери кыздын апасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 

От admin