Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жеке ишкерлердин акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жарандар кармалды

Ош облусунун А.М. жана Н.У.С. аттуу тургандары кармалды. Алар УКМК төрагасынын атына жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.
Учурда кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, ошондой эле жогоруда кармалган адамдардын аракеттеринен жапа чеккен жарандарды Мамкомитетке кайрылууга чакырат.

24 Сентябрь 2024 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча