Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
photo 5273731918774526324 y

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Айыл Банк Токой кызматы менен биргеликте 1000 теректин көчөтүн отургузду

13 / 100

2024-жылдын 2-ноябрында  «Айыл Банк» ААКсы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы биргеликте Бишкек токой чарбасынын аймагында күздү жашылдандыруу акциясын өткөрдү. «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жалпысынан 1000 теректин көчөтү отургузулду.

Көчөттөрдү отургузуу токойлорду калыбына келтирүүгө жана аймактын экологиялык абалын жакшыртууга жардам берип, тургундар үчүн дени сак чөйрөнү түзөт.

Иш-чара банктын илимий концепциясынын Экологиялык жана социалдык аспектилерин ишке ашырууга, ошондой эле экология маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга жана жарандарды жашылдандыруу боюнча долбоорлорго тартууга багытталган.

Токой кызматы менен «Айыл Банк» ААКсынын өнөктөштүгү мамлекеттик уюмдардын жаратылышты коргоо жана туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча күч-аракеттерин бириктирүүнү символдоштурат.

3 Ноябрь 2024 жыл 10:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча