
Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келерин видеокайрылуу аркылуу билдирди.
«Салам Кыргызстан. «Барса» расмий Кыргызстанда. Мен «Барса» легендалары менен кошо 3 күн сиздер менен болом. Жашасын Барса, жашасын Каталония, жашасын Кыргызстан», — деди ал.
Эске салсак, Роналдиньо менен испаниялык футболчу Карлес Пуйоль жана аргентиналык футболчу Хавьер Савиола да келишет. Алар «Барселона» клубунун КМШдагы футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-августта өткөрүлөт.