Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Жашаганга жерибиз жок». Токмокто 6 балалуу үй-бүлөнүн үйү толугу менен күйүп кетти

Кечээ, 21-августа кеч курун Токмокто үй өрттөнүп, 6 бала көчөдө калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жазды. Үйү өрттөнгөн 35 жаштагы Алтынбек Жумаев төмөндөгүлөрдү  билдирди.

Анын айтымында, алар үй-бүлөсү менен 4-5 чакырым алыстыкта жашаган таенесинин ден соолугун суроого кетишкен. «Жолдон эле кошуналарым чалып, үй өрттөнүп жатканын айтышты. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыккан экен. ӨКМ келип, өрттү өчүрүп беришти. Жубайым экөөбүздүн 6 балабыз бар. Алар 17, 12, 10, 8, 4 жана 3 жашта. Алар учурда 1 бөлмөдө жашаган таенемдин жанында болуп жатышат. Жашаганга жерибиз жок калды. Азыр кошуналар жардам берип жатат. Үйдүн дубалын тазаласак, четинен урап жатат. Жаңы үй салыш керек дешти. Биз көп балалуу үй-бүлө катары каттоодо турабыз. Үй салганга өзүбүздүн шарт жок болуп, жардам суроого муктажбыз»,— деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар: 0702 994774 жана 0703 994774 номурларына чалсаңар болот.

22 Август 2023 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча