Борбор калаадагы мектептердин 200 окуучусу Бишкек ШИИБ МККБ кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көлдөгү эс алуудан кийин үйлөрүнө кайтышты.
Балдар «Дзержинец» атындагы лагерде 10 күн эс алышты. Күн сайын 8 отряддын ортосунда достук жөнүндө ыр сынактары, жомоктор, викториналар, флешмобдор өткөрүлдү.
Ошондой эле спартакиада жана пионербол, волейбол, футбол боюнча мелдештер уюштурулду.