Улуу Британиядагы Deliveroo Corporation компаниясында иштеген бишкектик программист Даниил Вартанов жасалма интеллект менен эксперимент жасап, Гарри Поттер тасмаларындагы каармандар этникалык кыргыздар болгондо кандай болорун көрсөттү.

Даниил – стартап иштеп чыгуучу, блокчейн технологиясы жана жасалма интеллект боюнча адис. Улуу Британияда ал Deliveroo Corporation, тамак-аш жеткирүү боюнча дүйнөлүк брендде жасалма интеллектти ишке ашыруу менен алектенет. КРСУнун прикладдык математика адистиги боюнча окуган, 2008-жылдан баштап стартаптар менен алектенет. 2014-жылдан бери Кыргызстанда криптовалюталар боюнча ачык түрдө бекер лекцияларды окуп келет.

От admin