Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жапаров Бишкекте окуган интернатка барып, мугалимине 100 миң сом тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүндө Бишкек шаарындагы Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды.

Интернат-гимназия 1956-жылы негизделген. Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өткөн жылы Мамлекет башчысынын демилгеси менен интернатта капиталдык реконструкциялоо башталган. Президент Садыр Жапаров өзү бул интернат-гимназияда 9-10-класста окуган.

Окуу жайда ал окуу имараттарынын оңдоо иштеринен кийинки абалы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааты менен да баарлашты. Садыр Жапаров интернатта өткөргөн күндөрү, алган билими анын бойго жеткен жашоосунда жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө кандай жардам бергени тууралуу айтып берди.

Эмгек жамааты менен баарлашууда мамлекет башчысы мектеп мугалимдерин эскерип, жолугушууга катышып жаткан тарбиячысы Шайыр Бегалиевага кесипкөйлүгү жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров тарбиячысы Шайыр Бегалиевага келечек муундун билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырды.

Ал ошондой эле эмгек жамаатка, жакынкы келечекте өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, атап айтканда, келечекте бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын дагы жогорулатуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Соңунда Садыр Жапаров мектеп ар дайым билимдин жарыгын таратуусу үчүн А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназиянын мугалимдерине чыдамкайлык жана сабырдуулук каалады.

1 Сентябрь 2023 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча