Президент жакында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан демилгеленип, жалган маалымат тараткандар үчүн айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору жөнүндө пикирин билдирген. Себеби, бул мыйзам долбоору боюнча өлкөдө кызуу талкуулар жүрүп жатат. Айрыкча айып пулдун өлчөмү боюнча терс пикирлер көп айтылып кетти.
“Менин оюмча мыйзамды кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын”— деди президент маегинде.
Бүгүнкү журналистика мындан отуз үч жыл мурунку совет доорундагыдан таптакыр башкача. Ошол кезде чынчылдык, объективдүүлүк, калыстык, башкаларды урматтоо жана коомдук жоопкерчилик сыяктуу принциптер сакталып келген.
Ал эми учурдагы журналистикада так маалыматка таянган, чындык принцибин дагы көзгө илбей калганы кейитет. Бүгүн ММКлар оңой эле калпты таратып жиберип, анан кечирим сурап, маалыматты өчүрүп салдык деп актанганы жөнүндө президенттин айтканы туура. Интернет чөйрөсүндө абал мындан да начар, жөн эле жалаа же ушак менен адамды ылайга тебелеп, оңой эле жазасыз кала беришет.
Демилгеленген мыйзамда болгону чөнтөктөрүнө зыян келтире турган жаза гана каралган. Калп айтуунун кесепети оор болушу мүмкүн. Абийирсиз жалаа адамды ооруга, өлүмгө алып келген, же ал ар-намысын коргоп, мыйзамсыз иштерге барган учурлар көп.
Эмне үчүн азыр маалымат каражаттарын жана интернет колдонуучуларды ооздуктоо зарылдыгын түшүнүү үчүн республиканын эгемендүүлүккө ээ болуу тарыхына кайрылалы.
Биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстан «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деп атала баштаган. Айтмакчы, бул демократиянын ашыкчалыгы аны жок кылган. Ооба! Кыргызстан ал кезде коңшу республикалардан айырмаланып, демократиянын чыныгы жактоочусу болгон. Бирок, ошол кездеги турмуш далилдегендей, демократия өтө көп болбошу керек экен. Ошондогу демократия ашып-ташып тургандыктан Кыргызстанга жардамга жамынып чет элдик уюмдар, ар кандай фонддор агылып кирген. Республикада эбегейсиз саны көп бейөкмөт уюмдар, “Көз карандысыз маалымат каражаттары” пайда болушту. Булардын баары чет мамлекеттер тарабынан каржыланган.
Көптөр күтүүсүз келген эркиндикке сүйүнүшүп, коңшу өлкөлөрдүн жарандарына “бизде демократия бар” деп мактангандар дагы болду. Аянтта элдин алдында кыйкырган адамдар коомдук лидерге айланышты. Дал ушул адамдардан кийин саясатчылар, тагыраак айтканда, саясий чөйрөдөгү майдачыл, жеке кызыкчылыгын барынан бийик койгон, принципсиз, интригандар пайда болду.
Президент Садыр Жапаров 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө: “Баш бербей ээн ооз сүйлөөнү элдин эрки деп, анархияны демократия деп калпыс кабыл алып, сөз эркиндигин болсо ушак-айың менен алмаштырып алдык,”- деп туура сүйлөгөн.
Бүгүнкү күндө өлкө өзүнүн өнүгүү багытын толугу менен өзгөрткөн кезде республикада демократиядан тышкары арам ойчулдар, тагыраак айтканда, ички жана тышкы душмандар пайда болгондугу ачык-айкын болду. Ички душмандар – учурда ишсиз калган саясатчылар, аткаминерлер, мурунку бийликтерди сагаалап, тегеректеп жүргөндөр. Мурдагы президенттердин макулдугу менен бул чиновниктер ар кандай реформаларга жамынып алып, мамлекетти тоноп келишкен.
Учурдагы бийлик мурдагы жана азыркы коррупционерлерди жазалап, уурдалган каражаттарды мамлекетке кайтарып жатат. Алардын бүгүнкү күндө деле катып жаткан ресурстары бар. Мурунку системаны кайтаруу үчүн, алар тымызын иштерди жүргүзүп жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Интернет бүгүнкү күндө алардын жалгыз куралы болуп калды. Социалдык түйүндөрдө отуруп алып, жалган маалымат таратып, тополоңго чакырып жаткандар дал ушулардын адамдары.
Кыргызстандын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө кол салганды көздөгөндөрдүн баары, албетте, тышкы душмандар болуп эсептелет. Жардамга жамынып алып, башка жат баалуулуктарды Кыргызстанга жана элге таңуулап, мамлекеттин ички саясатына кийлигишип жаткандар дагы жок эмес. Булардын ишмердүүлүгү коомдук турмуштун чегинен чыгып кеткен “псевдобейөкмөт” уюмдар. Өлкөнүн саясий иштерине кийлигишип, кандай гана маселе болбосун ызы-чуу салып жиберишет.
Кээ бир бейөкмөт уюмдардын чыныгы максаттары Аскар Акаевдин тушунда чыга баштаган. Ошондо кыргыз коомчулугунда анын жүргүзгөн саясатына нааразычылык күчөп турган. Демократия деп, өлкөнүн эшигин ачып салган Акаевдин доору кантип бүткөнү баарыбызга жакшы маалым.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан Борбордук Азиядагы чакан республика катары глобалдык геосаясаттын парасында кайчыланып калбай, жашап, өнүгүп жатат. Борбордук Азияга, өзгөчө Кыргызстанга чоң державалардын «өзүмчүл» кызыкчылыктары бар экенин тана албайбыз.
Бардык мамлекеттер жана дүйнөлүк державалар менен өз өлкөсү үчүн бир кысымдын астында, бир жардамдын артында, ийкемдүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү көрсөтүп, көп векторлуу мамилени куруу Садыр Жапаровдун тагдырына туш болгон экен.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги