Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жалал-Абаддагы мушташка катыштыгы бар жарандар кармалды

Социалдык тармактарга Жалал-Абад шаарында чыккан мушташтын видеосу тараган.

Жалал-Абад ОИИБси видео 2-июль күнү тартылганын, текшерүү иштери жүрүп жатканын, супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун катышуучуларын аныктаганын билдирди.

Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

5 Июль 2023 жыл 12:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча