Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу,
коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын
адистери тарабынан пландык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө Сузак районунун
Кара-Дарыя айыл округунун Узун-Колот жайытында зыянкеч
чегирткелердин чыгышы катталды. Зыянкеч чегирткелер жалпы 140 гектарда
табылып, алардын 1 м 2 тагы саны 7-10 экземплярды түздү.
Бүгүнкү күндө Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин
департаментинин Жалал-Абад, Ош жана Баткен башкармалыктарынын
адистери тарабынан зыянкеч чегирткелердин очокторун өз убагында табуу
жана аларга каршы күрөшүү чараларын өз убагында жүргүзүү максатында,
пландык кеңири масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Изилдөө
иштери биринчи кезекте зыянкеч чегирткелердин мурда чыгып келген
ареалдарында жүргүзүлүүдө.
Зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өз
убагында жана ыкчам жүргүзүү үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо
жана карантин департаментинин адистери, атайын техникалары, ГСМ жана
пестициддер даяр.
Эскерте кетсек, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин
департаменти тарабынан жыл сайын жүргүзүлүп жаткан зыянкеч
чегирткелерге каршы күрөшүү иштери — чегирткелердин айыл чарба
өсүмдүктөрүнө жана жайыттарга зыян келтирүүсүн алдын алат.
Маалымат үчүн. Кыргызстанда зыянкеч чегирткелер жыл сайын айыл
чарбасына жана жалпы экономикага зыян келтирүүдө потенциалдуу
коркунуч туудурат, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз
кылуусуна коркунуч жаратып келет.
Республикабызда үйүрлүү (тобу менен жүргөн) чегирткелердин ичинен
марокко чегирткеси (лат. Dociostaurus maroccanus) жана италия чегирткеси
(лат. Calliptamus italicus) деген эки түрү кездешет. Аталган эки түр башка
чегирткелерден төмөнкү белгилер менен айырмаланат: