Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жалал-Абадда түнкү клубда 35 жаштагы жаран бир нече жолу бычакталды

Жалал-Абадда 35 жаштагы жаран бир нече жолу бычакталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын эс алуу клубдарынын биринин алдында 7-сентябрга караган түнү саат 01:40 чамасында 35 жаштагы жаранды бейтааныш 18-20 жаштардагы бала денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайган. Ал алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон. Бул окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

8 Сентябрь 2023 жыл 8:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча