Жалал-Абад шаарында мотороллердин артына эки жаш баланы салып бара жаткан айдоочунун видеосу тарап, таклууга алынды.

Видео тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Аскар Ысабаевд окуя 13-сентябрда негизги көчөлөрдүн бири болгон Т.Байзаков проспектисинде болгондугун айткан.

«Алгач «Береке» базары жактан көрдүм. Балдарга кооптуулук жараларын айттым, уккан деле жок. Темир жол өткөн жерден да катуу айдап өттү, мен балдарга кыжаалат болдум. Кийин эстеп кетип, видеого тартып алдым», — деди ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн аталган айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдиришти.

От admin