Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 06 14 at 16.11.05

Жалал-Абадда экстремизмди алдын алуу боюнча үч күндүк семинар аяктады

5 / 100

2024-жылдын 14-майында Жалал-Абадда экстремизмди жана терроризмди алдын алуунун жолдорун үйрөткөн үч күндүк семинар аяктады. Семинарга облус аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери, имамдар жана аялдар жамааттары катышты.
Бул иш-чарада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков тренер катары сөз баштап, учурда аялдар жана жаштар арасында диний экстремизмди алдын алуу олуттуу маселелердин бири экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, теологдор Самаган Мырзаибраимов, Сайфулла Базаркулов сөз сүйлөшүп, диний агымдардын коомго тийгизген таасири тууралуу кенен түшүндүрмө беришти.
Андан соң, Ратбек Турусбеков катышуучуларга Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштерге кенен токтолуп, бир катар маалыматтарды берди.
Катышуучулар менен салттуу исламдын концепциясы, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясы, экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдөгү чаралар, Жалал-Абад облусундагы жалпы диний кырдаал талкууланып, бул багыттарда биргеликте иш алып баруу зарыл экендигин билдиришти.
Иш-чаранын аягында катышуучулар билим берүүнүн маанилүүлүгүнө, алдын алуу иштерин күчөтүүгө жана социалдык тилектештикти өнүктүрүүгө токтолушуп, мечиттерде бул багыттарда түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүү керектигин сунушташты.
Белгилей кетсек, бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

14 Июнь 2024 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча