
Жалал-Абадда «Барселонанын» академиясы ачылды. Маалыматты аталган окуу жай социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.
Бул академия кыргызстандык балдарга гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн таланттуу балдарына өз эшигин ачат.
Расмий ачылыш аземи 29-августта болот. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров менен «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта келери күтүлүүдө.