Жалал-Абад шаарынын Андреева көчөсүнө асфальт төшөлдү
Жалал-Абад шаарынын Вера Андреева көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн узундугу 330 метр, туурасы 5,5 метрди түзөт. Асфальттоо ишин мэриянын жол башкармалыгы жүргүзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.