Нөшөрлөгөн жаандан улам Жалал-Абад шаарындагы арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн каптоодо. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел атайын техника менен сордурулуп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды.