ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде
22 046 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 8 июлдан 14-июлга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 046 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-282;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -216;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-63;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-852;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 418;
-Авто ээнбаштык — 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 5388;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –611;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1608 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.