Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
b970a2f5 5cf2 4908 9d52 34c3c188ef7d

ЖЕТИ-ӨГҮЗ ЖАНА ТҮП РАЙОНДОРУНДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖАРАНДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ

8 / 100

Алдын ала маалымат боюнча 2024-жылдын 1-август күнү саат 8:00 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургуну 1951- жылы туулган С.Г. аттуу аял кишинин бут кийими «Чоң Кызыл-Суу» суусунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 1 дрон аппараты менен жана РИИБден 14 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, учурда издөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле 2024-жылдын 29-июль күнү саат 15:00 чамасында Түп районунун Ынтымак айылында 1978-жылы туулган Чүй облусунун тургуну М.С.С. аттуу жаран көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматы тарабынан түшкөн.

Жериде ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу анын ичинен 3 суучул жана Түп райондук Ички иштер бөлүмүнөн 6 кызматкер издөө иштерин жүргүздө.

1 Август 2024 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча