Түнкү саат 01:00 гө каратта Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров башында турган ыкчам штаб өткөрүлдү.
Жыйында Арстанбап айылындагы селдин кесепеттерин жоюу тагырагы суу кирген үйлөрдү дезинфекциялоо, электр энергиясын сапаттуу деңгээлде калыбына келтирүү жана жергиликтүү тургундардын ден соолугун көзөмөлгө алууну тапшырды.
Мындан сырткары облус аймагындагы сел сайларга жакын жайгашкан мыйзамсыз берилген жайларды аныктап, эскертүү нускамаларын берүү менен көчүрүү талабы коюлду.