Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундарды 750 миң сомго алдап кеткен жаран Орусияда кармалды

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Камчатка аймагы боюнча кызматкерлери тарабынан Петропавловск-Камчатский шаарында 2016-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды.
Кармалган 61 жаштагы Талас облусунун тургуну И.Ч., 2013-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына келип, жеринен жергиликтүү тургундардын ишенимине кирип, акча убада кылуу менен өрүктү сатууга алып кеткен. Натыйжада, жетимиш үч жергиликтүү тургун жалпысынан 750 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.

26 Апрель 2024 жыл 8:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча