Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ысык-Көлдө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылып, алынды. Маалыматты УКМКнын Басма сөз борбору билдирди.

Тактап айтканда, күжүрмөн тапанча (револьвер) — 1 даана; мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктары (араланган мылтык) — 2 даана; 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор.
Тергөөнүн караштуулугу боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда.

13 Сентябрь 2023 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча