
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын көл жээгинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатып, мыйзамсыз балык уулаган Чүй облусунун 55 жаштагы тургунун кармашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаранда балык уулоого уруксат билети жок болуп чыкты. Далил зат катары 118 даана чабак балыгы жана 3 балык уулоочу кайырмактар алынды.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтырды каттоо электрондук журналына каттадып, юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, рейд учурунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан көлдөн браконьердик балык уулоочу торлордон тазалоо иштери да колго алынууда. Браконьердик балык уулоочу торлорго түшүп калган балыктар, кайрадан көлгө койберилип жатат.
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чаралар уланууда.