Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс-учун жоготкон жаранды куткарышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында Ысык-Көл районунда коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн Атайын багыттагы полктун кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Айбек Бийдинов пирстен секирип жатканда эсин жоготуп койгон жаранды куткарышкан.
Милиционерлер жабыркаган Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын 1990-жылы туулган тургунун көл жээгине алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көргөзүшүп, андан соң тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери алгылыктуу иштерди алып барышууда.