Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ысык-Көлдөгү үч баланын өмүр алган жол кырсыгынын чоо-жайы

Ысык-Көл облустук милициясы түндө болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.

Каргаша 23-майга караган түнү саат 01:00 чамасында Кызыл-Өрүк айылынын күн чыгыш тарабындагы бурулушта болгон. Анда Mercedes-Benz (Daimler Chrysler) үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кеткен.

Ысык-Көл облустук ЖКККБнын маалыматына караганда, кырсык Кызыл-Өрүк айылынын күн чыгыш тарабында бурулушта болгон. Милиция айдоочу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып аласалып кеткенин айтты.

«Жол кырсыгынан үч адам (эркек балдар) көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин бул кырсыктын видеосу тараган. Анда автоунаа талкаланып калганын, жабыр тарткандар ар кайсы жерде жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр каза болгондор болжол менен 12-14 жаштагы өспүрүмдөр экенин айтышкан.

23 Май 2024 жыл 10:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча