Бир берилген өмүр сага аманат,
Тобокелге салба аны, карап, бак!
Узун жолдо жарышпагын газ басып,
Уйкусурап, уктап кетпе, шалактап!
Кыянатты кылба кымбат өмүргө,
Ишенбегин тетик менен темирге.
Ырыс кесет куру намыс, мактануу
Ылдам айдап, “кыйынмын” деп көрүнбө!
Сен сактансаң, сактайт сени Кудайым,
Эрежеге баш ийгиниң ылайым.
МАИлерди жаман көрбө жолдогу,
Алар тартат силер үчүн убайым!
Сапарлашым сага тилек кылайын,
Шашылбастан, сак, жолумду улайын,
Сени дагы күтүп жатат үйүңдө,
Уул-кызың, татынакай жубайың!