
Мамлекет башчысы С.Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары көлдү тазалоону жигердүү улантууда.
ӨКМ билдиргендей, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.
Эс алуу жайларын атай кетсек «Ак-Бермет» , «Рахат», «Алтын-Көл», «Элинг», «Евразия» жана ден-соолукту чыңдоо жана “Мөлтүр” кемеси токтоочу жайдын суу түбү текешерилип, тазаланды.
17-июлда 115 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянт тазаланып, көл түбүнөн 97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 кг таштанды чыгарылды.