
Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын ашканасында таракандар жүргөндүгү тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүп тургандай ашканада балдар тамактанып жатат. Ал эми столдун астында таракандар жүргөнүн көрүүгө болот.
Бул маселе боюнча аталган оорукананын башкы дарыгерине Sokol.media сайты байланышканыбызда ал буга чейин санитардык көзөмөлдөө станциясы келип, таракандарга каршы даары чачып кеткенин айтты.
«Бир, эки тараканды көрүп эле ызы-чуу жаратып жибериптир. Биз ал адамдын өзүнө да кайра ээрчитип барып көрсөттүк. Ал кайра кечирим сурады»,-деди ал.