Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ВИДЕО-Скутер үчүн чыккан мушташ. Жаңы жагдайлар айтылды

 Кечээ, 16-августта Ысык-Көлдөгү пляжда мушташ чыккандыгы тууралуу видео тараган. Аталган окуя тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы маалымат берди.

Ага ылайык, окуя кечээ, 16-августта, Кош-Көл айылындагы «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанында болгон.

Жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны, 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу, 27 жаштагы С.Э. экени аныкталып, алар милицияга арыз жазган. Мунун негизинде скутер иштеткен 18 жаштагы үч жигит Тамчы айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Кош-Көл айылынын тургундары.

Эс алуучулардын алган жараатынын оорлугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына карап мыйзам чегинде чара көрүлөрү белгиленди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү жүрүп жатат.

Ал эми скутер иштеткендер өз көрсөтмөсүндө эс алуучу скутер тээп жатып аны катуу буруп жибергенде капталдап калганын, жээкке алып чыгышканда ал жүрбөй калганын айткан. Кыймылдаткычына суу кирген деп болжолдоп, эс алуучудан акчасын төлөп берүүнү талап кылган. Бирок ал баш тарткандыктан чыр чыккан.

17 Август 2023 жыл 7:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча