
Талас облусунун президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратынын алдына аталган облустун тургундары чогулушуп, нааразычылыгын билдиришти.
Алардын айтымында, сүт маселеси ушул жылдын март айынан бери чечилбей келет. «Биз бардык органдарга кайрылдык. Бир да маселе чечилген жок. Жеке менчикти чече албарын айтышты. Ушундай болмок беле? Арызыбыз каралган да жок. Таласта 10 миң фермер бар. Биз жөлөк пул да ала албайбыз, себеби бизде уй бар. Азыр сүт Таласта 22 сом. Сомдун куну кеткен. Азыр бул акчага эч нерсе келбейт. Баасын чече албай койдук. Жогорку Кеңештин депутаттары чечип берет экен деп ойлогонбуз. Шайлоодо келбегиле», — дешти алар.
Буга чейин Sokol.media сайты Талас облусуна барып сүт маселеси боюнча бир нече иликтөөрдү жасаган. Анда аталган облустун башчылары бул маселе чечилээрин айтышкан.