
Кечээ, 25-июнда Россиянын Иркустк облусундагы газ конденсаты чыккан жерде 300дөй жумушчу мушташып кеткенин орусиялык басылмалар жазышты. Алардын Кыргыз жана Тажик жарандары экендиги маалымдалууда.
Маалыматка ылайык, 23-июнда орун алган чыр ашканада тамак кезегин кимдир бирөө бузгандыгынан келип чыккан. Мушташтан 9 киши ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.