Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ВИДЕО-Кыргызстан өз паспортторун өзү чыгара баштайт

Кыргызстан мындан ары жарандардын паспортторун өзү басып чыгарат. Мындай ири аракет тарыхта биринчи жолу жасалып жатканын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук баракчасына билдирди.

«Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт», — деди ал.

6 Сентябрь 2023 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча